Ош шаарында бир күндө эки адам суунун курмандыгы болушту
Новость

POST1RIGHTОш шаарында бир күндө эки адам сууга акты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кечээ, 27-июнда Жапалак айылындагы Араван каналына 1 аял агып кеткен. Атайын куткаруу кызматынын кызматкерлери менен туугандары биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүп, туугандары тарабынан аялдын сөөгү табылган.

Ал эми, ушул эле күнү  саат 17:30дар чамасында Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз агып кеткен. Учурда издөө иштери улантылууда.