Баткен: шахта ичинде иштеп жатып, куткаруучу каза болду
Новость www

Баткендеги шахтанын ичинде иштеп жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жаштагы куткаруучусу газга ууланып каза болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 26-июнда Самаркандек айыл аймагындагы шахтанын ичинде тосмо орнотуп жаткан учурда болгон. 

Ал эми, дагы бир куткаруучу  облустук ооруканага жаткырылган. Буга чейин 2017-жылдын 5-июнунда ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришкен.