Жакында ар улуттун өкүлдөрү катышкан, жүздөн ашуун инсандын ак эмгегинен жаралган клипке күбө болобуз. Өзгөчө стилдүү Айгерим Расул кызы, "Өзүң эле" чыгармасына тартып жаткан клип "Клеопатра" стилинде болоору маалым болду.
Байыркы Египет ханышасы өңдүү такка отуруп, эл башкарып, жыландан коркпой аны менен бийлеген кадрлар 10 күндөн кийин сиздердин назарыңыздарга сунушталат.
Белгилей кетсек, ырчынын социалдык тармактагы клип учурунда тартылган сүрөттөрүнө көптөгөн пикирлер жазылууда. Көбүнчө кантип жыланды коркпой кармадың деп сурашууда. Ал эми бул суроолорго талантуу Айгерим “жылан - жыландан коркпойт” - деп жооп берүүдө.