POST1RIGHT
Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы газ саткан жайда болгон жарылуудан жабыр тарткандардын бири каза болду. Бул тууралуу Чолпон-Атанын аймактык ооруканасынан билдирди.
Денесинин 100 пайызы күйүп калган Абдыбек Бейшекеев бүгүн эртең менен саат алтылар чамасында көз жумган.
Эскерте кетсек, 19-июнда Ананьево айылындагы газ саткан жай өрттөнүп 2 адам каза болгон. Дагы 8 адам жабыр тарткандыгы маалымдалган.