Ананьеводогу газ баллондордун жарылуусунун болжолдуу себептери
Новость

POST1RIGHT

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы газ баллон сатуучу жайдагы жарылуудан жабыркагандардын абалы туруктуу экенин дарыгерлер билдирет. Жабырлануучуларга тийиштүү жардамдар толугу менен көрсөтүлүп, ушул тапка чейин кан тапшыруу активдүү жүрүп жатканын райондук ооруканадан маалымдашты.

Ананьеводогу газ куючу станциядагы жарылуу, ширетүү иштеринен улам келип чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Бирок бул күбөлөргө таянып алдын-ала гана айтылган маалымат. Кырсыктын так себеби мекемелер аралык атайын түзүлгөн штабдын иликтөөлөрүнөн кийин белгилүү болот. 19-июнда болгон каргашада 2 адам набыт болуп, 8 киши ооруканага жаткырылган.
“Ананьево айылында болгон өрттүн себеби деп ошол жердеги иштегендердин техникалык талаптарды сактабагынан болду деп айтылып жатат. Күбөлөрдүн айткандарына караганда алдын ала маалымат боюнча ал жерде ширетүү иштери жүргүзүлгөн. Андан сырткары бир эле учурда бир цистернадан 3 цистернага газ которушкан",- дейт Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.