Ананьево айылындагы кырсыктын себептери иликтенүүдө
Новость

POST1RIGHT

Президент Алмазбек Атамбаев 19-июнда Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы газ баллон сактоочу станциясындагы жарылууда каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ананьево айылында орун алган газ өткөрүү станциясынын жарылуусуна байланыштуу Ички иштер министрлигинин жетекчилигине кырсыктын себептерин жана шарттарын тыкыр иликтөөгө алууну тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жарылуунун себептерин изилдөө иши тапшырылды. Андан тышкары, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бардык газ өткөрүү станцияларынын коопсуздук талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүгө алуу тапшырмасы берилди. Эгерде талапка жооп бербегендер болсо пайдаланууга тыюу салынат. Саламаттыкты сактоо мекемелери жарылуудан жабыр тарткандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттендирилди. Иликтөөнүн жүрүшү премьер-министринин жеке көзөмөлүндө турат. 

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, Ананьеводогу жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Жарылуу коркунучу бар заттардын сакталышындагы эрежелердин бузулушу жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы боюнча тергөө жүрөт. Учурда Мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринен прокуратуранын өкүлдөрүнөн жана милиция кызматкерлеринен турган оперативдүү штаб түзүлгөн. Мамлекеттик экотехинспекциясы 31-майда Ананьеводогу газ куюучу станцияны жабуу тууралуу токтом чыгарган. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Бирок акт түзүлүп, пломба басылган жай, эмне себептер менен дагы эле ишин улантып келгени учурда текшерилип жатат.