POST1RIGHT
Ак-Талаа районундагы «Ак-Кыя», «Жаңы-Талап», «Кара-Ой» жана «Кызыл-Белес» айыл аймактарын облус жана район борборлору менен байланыштырган Нарын дарыясындагы көпүрө кулап калуу коркунучуна кептелди. Мындай оор жагдай өткөн аптанын аягында түзүлүп, оор жүк ташыган унаалар ашыкча 80 чакырым жолду басып өтүүгө аргасыз болууда. Көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн акырындап сууга чөгө башташы Нарын дарыясынын аркы өйүзүндөгү элеттиктерди тынчсыздандырууда. Анткени алардын турмуш-тиричиликтери берки жээктеги Нарын шаары жана район борбору Баетов айылынан көз каранды. Эгер бул көпүрө кулап кетсе, өтө эле опурталдуу абал түзүлөт.
"Суу дагы кире элек. Эгер ал кирсе, мындан өтө албай калабыз. Дароо төрт айыл байланышсыз калабыз. Ошондуктан муну өкмөт жасап бербесе болбойт",- Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын тургуну Замирбек Качкынбаев.
Ал эми азырынча Ак-Талаа районундагы №15 жолдорду тейлөө ишканасы жана Нарын облустук патрулдук милициясы тарабынан коопсуздукту камсыз кылуу максатындагы алгачкы иштер жасалды. Аларга ылайык, ушул көпүрөдөн өтүүгө чектөөлөр киргизилип, 5 тоннадан ашык салмактагы унааларга уруксаат берилбейт. Тилекке каршы, ага баш ийишпеген ээнбаштар четтен чыгууда.
"Мисалы, мына бул тоскоолдукту чечебиз деген ойдо чыгарганга аракет кылышыптыр. Азыр аны №15 ДЭПтин жумушчулары калыбына келтиришүүдө",- деди Нарын облустук патрулдук милициясынын башчысынын орун басары Тилек Оторов.
Эгер ушул көпүрө тоо арасындагы Тогуз торо районунун да негизги артериясы экендигин көңүлгө түйсөк, аны калыбына келтирүү жумуштары токтоосуз түрдө башталышы керек. Бирок, мындай обьектилердин курулушу суу тартылганында гана жүргүзүлөт.