БШК президенттик шайлоонун календарлык планын бекитти
Новость www

POST1RIGHT

Борбордук шайлоо комиссиясы 14- июндагы отурумунда президенттик шайлоонун календарлык планын бекитти. Календарлык планга ылайык талапкерлерди каттоо 10- сентябрга чейин жүргүзүлөт. 

Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, шайлоого 24 саат калганда аяктайт. Шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрдан кеч эмес мөөнөттө жарыяланууга тийиш.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Жогорку Кеӊеште үстүбүздөгү жылы өтө турган президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтом кабыл алынган.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"