Президентке жылытуу мезгилине даярдыктар тууралуу маалымат берилди
Новость

POST1RIGHT

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасы, алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү жумуштар, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу багытындагы чаралар туурасында маалымат берилди. 

Айбек Калиев президентке модернизациясын аяктап, Бишкек шаарынын ТЭЦин ишке киргизүү боюнча даярдык туурасында маалымдады. Модернизациядан кийин энергообъекттин кубаттуулугу жогорулап, жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен иштеп, натыйжалуулугу өсөт. Ошондой эле, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча жумуштардын жүрүшү тууралуу дагы айтып берди. 

Президент Алмазбек Атамбаев күз-кыш мезгилинде калкты энергия менен туруктуу камсыз кылуу үчүн алдыдагы жылытуу сезонуна сапаттуу даярдык көрүүнүн маанисин баса белгилеп, өлкөдөгү энергетикалык долбоорлорду өз мезгилинде жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.