Бишкек - Ош жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Новость

POST1RIGHT

Бишкек-Ош жолунда КамАЗ жол кырсыкка кабылып, бир адамдын өмүрүн алып кетти. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Барпы айыл аймагына караштуу Беш-Мойнок участкасында 13-июнь күнү болжол менен саат 12:30 чамасында КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу таш тартып келе жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып, жарга оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынан каза болгон айдоочу туугандарына өткөрүп берилгендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.