Энергетика маселеси
Новость KTRK/videograp

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев энергетика тармагындагы мамлекеттик ишканалар, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 

Өкмөт башчы былтыркы жылы электр энергиясында жоготууларды азайтуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тапшырма коюлганын, бирок бул тапшырмалар толугу менен аткарылбаганына токтолду. 

Премьер-министр бөлүштүрүүчү компаниялардын аймактарда “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу, сатып алууларды ачык-айкын жүргүзүү жаатындагы ишинде бир катар кемчиликтер бар экенин билдирди. 

Буга байланыштуу Улуттук “Энерго холдингдин” жетекчиси Айбек Калиевге “Түндүк Электро”, “Чыгыш Электро”, Ош Электро” жана “Жалал-Абад Электро” ишканаларынын башчыларына сөгүш жарыялоону жана планды аткарбаган аймактык электр ишканаларынын жетекчилеринин кызмат ордуна ылайык келеби деген маселени карап чыгууну тапшырды. 

Муну менен катар быйылкы жылы “Түндүк Электро”, Ош Электро” жана “Жалал-Абад Электро” бөлүштүрүүчү компанияларына жоготуулардын көлөмүн 12 жарым пайызга, “Чыгыш Электро” компаниясынын климаттык шарттарын эске алуу менен 13 жарым пайызга түшүрүү жана бардык коммерциялык мекемелерге 2016-жылдын 1-июлуна чейин “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу тапшырмасын берди.