“Дары каражаттары” жана “Медициналык багыттагы буюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынышы калкты сапаттуу, ден-соолукка зыяны тийбеген дары-дармек, медициналык буюмдар менен камсыздоого шарт түзөт. Бул тууралуу мыйзам долбоорду иштеп чыккан саламаттыкты сактоо тармагынын адистери билдирет. Документ Жогорку Кеңештин профилдик комитеттинде экинчи окууда каралган. POST1RIGHT
2003-жылы кабыл алынган “дары каражаттары жөнүндө” мыйзамды толугу менен карап чыгуу муктаждык жаралган. Аны талдай келгенде 80 пайыз беренелери замандын талабына шайкеш келбей калганы аныкталган. 2015-жылы мекемелер аралык, экинчиси эксперттик болуп жумушчу топтор куралып, эксперттер бир жарым жылдай мыйзамды талкуулап чыгышкан. Иштелип чыккан документ дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Европалык дарыкана ассоциациясынын жогору баасына да татыган. MEDIA1LEFT
Жаңы мыйзамга көп өзгөртүү киргизилип, дүйнөлүк эреже жана ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык учурлар камтылган. ЕАЭБдин техникалык регламентине карата биологиялык активдүү кошулмалар дары каражаттарынын катарынан алынган. Тактап айтканда, кошулмаларды дары ордуна жазып берчү врачтар мүдөөсүнө жете албайт. Эң башкысы мыйзамдын аркасы менен мамлекет дары-дармектин баасын көзөмөлгө алат.
Эгер мыйзам кабыл алынса өлкөгө жайылчу дарылар эл аралык талапка жооп береби, саламаттыкка коркунуч келтирбейби, пайдалуубу жана башка учурлар толук көзөмөлдөнөт. Дары-дармек менен медициналык буюмдардын сатылышын жөнгө салуу максатында, уруксаат берилбеген жерлерге сатууга административдик жоопкерчилик сунушталган. Дарыканадан сырткары жайда, күркөлөрдө, кампаларда жада калса интернет аркылуу сатуу ооздукталат.
Ошондой эле дары колдонуунун натыйжасында адамды ден соолугуна зыян келгени жашырылса же медициналык буюмдарды колдонууда адамга залал келтирилсе административдик санкциялар каралган.