Юридикалык жардамга муктаж Кыргызстандын баардык жарандары ошону менен бирге чет элдик, жарандыгы жок жарандар, качкындар акысыз юридикалык жардам ала алышат. Бул акысыз кызматты Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам борбору сунуштайт.
Борбордо жарандар үчүн эки түрлүү тейлөө сунушталат. Биринчиси конституциялык укуктук жардам бул - жарандарга ар кандай укуктук маселелер боюнча кеп-кеңештер берилет, ал эми экинчиси тажрыйбалуу юридикалык жардам сунушталат мында адвокаттар түздөн-түз жардамга келишет.
Жарандын кайрылуусуна жараша арыз даттанууну туура жазуудан тартып, сот өндүрүшүнүн баардык тепкичтеринде катышат. Кошумчалай кетсек бул борбор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү мыйзамды ишке ашыруу максатында ачылган.