Кечээ, 5-июнда Президент Алмазбек Атамбаев социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Сыйлыкка ар кыл тармактын үзүрлүү эмгектенген өкүлдөрү татыктуу болушту. POST1RIGHT
Алардын катарында Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
Сабырбек Жумабековдун кыргыз медицинасына кошкон салымы эбегейсиз. Ал, бир катар уникалдуу операцияларды жасап, ондогон адамдарга басып кетүү бактысын тартуулаган. MEDIA1LEFT
Жумабековдун жасаган эмгектери бир эле Кыргызстанда гана эмес чет жерлерде да жогору бааланып келет. Мисалга алсак, ушул жылдын январь айында, ал Кувейтте өткөн IX эл аралык ойлоп табуучулардын сынагында медицина илимине жаңылык киргизген беш эмгеги менен экинчи орунду багындырып келген.
Конкурска дүйнө боюнча 2000ден ашуун эмгек жөнөтүлүп, анын ичинен 180 катышуучу жолдомо алган. Ал эми, калыстар тобу адамдын боюн 31 сантиметрге чейин өстүрүү боюнча эмгекти дүйнөлүк Гиннес китебине киргизүүнү сунушташкан.