MEDIA1LEFTКыргызстандык дагы бир жаш талант, Россиянын белгилүү теледолбоорунун көркүн ачып келди. 7 жаштагы каратэ чебери Нурмухамед Ташмаматов катышкан эфир кечээ 28-майда 1 каналдан көргөзүлдү.
Анда, Брюс Лининин ыкмаларын өзүндөй туураган Нурмухамеддин чеберчилигине, долбоордун автору жана алып баруучусу Максим Галкин жогорку баа берип, катышуучуларга атайын даярдалган медалды ыйгарды.
Көрсөтүүгө өзгөчөлөнгөн өнөрлөрү менен айырмаланган 3-13 жашка чейинки балдар тандалып алынат.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган көрсөтүүгө кыргыз жергесинен "Кара жорго" жана башка бийлерди катыра бийлеген эгиз кыздар Айпери, Нурпери Тургуналиевалар катышып келишкен.