Бишкекте "Түндүк" көмөк чордонунун курулушу башталды
Новость

Бишкекте кубаттуулугу 110 киловольт болгон көмөк чордондун курулушу башталды. Анын капсуласын коюуга Улуттук энергохолдингдин, Улуттук электр тармактар ишканасынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Курулуш иштери ушул жылдын 30-октябрында аяктайт. 

Курулушка 102 миллион сом сарпталат. Анын 31 миллиону республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Калган каражат Электр тармактар ишканасынын өзүнүн каражаты. 

Эскерте кетсек, бул көмөк чордон буга чейин "Түндүкэлектр" ишканасына таандык болчу, эми бул подстанция "Улуттук электр тармактары" ишканасына өттү. Мурда 35 киловольттук кубаттуулукта иштеген көмөк чордондун ордуна жаңысы курулуп бүткөдөн кийин, бул подстанция 110 киловольтто иштеп баштайт.