Жаш ырчы чет элдик сынакта “Көк бөрү” ырын оркестрдин коштоосунда ырдайт
Новость

                 Кылыч  Эдик  Кыргызстандын  атынан “ТҮРКСОЙ ” уюму уюштуруп  жаткан Эл аралык сынакка  катышат . “Татына кыз”, “Көк бөрү” аттуу ырлары менен белгилүү болгон  жаш аткаруучу Стамбул  шаарына  бүгүн сапар тартты.            

                  Кыргызстандын  туусун желбиреткен ырчы, “Көк  бөрү”  аталышындагы  ырын  оркестрдин  коштоосунда жандуу үн менен аткарып, өнөрүн тартуулайт. Ийгилик жылмайып алдыга оозуп чыкса, анда Европаны көрүүгө мүмкүнчүлүк алат.Белгилей кетсек, сынак 19-22-май күндөрү болот. Даярдоо иштери бүгүнтөн тарта башталды.                            

                   Мекендештер, жалпы биздин радио жааматыбыз менен Кылыч Эдикке  ийгилик каалайбыз!