Жалал-Абад: кандай кырдаал жаралбасын биринчи жардамга келген медайымдар
Новость

Медицина темасын улай... Медицина кызматкерлери өзгөчө кырдаалдарда жарандардын саламаттыгын күн- түн дебей жеринде болуп, ден соолугун тыкыр көзөмөлгө алып келет. Өлкөдө кандай кырдаал жаралбасын биринчи болуп жардамга келген медайымдардын бүгүн кесиптик майрамы. Ак халатын кийип, Ата-Журтка ак кызмат өтөгөн медайымдардан биздин чыгармачылык топ кабар алып келген.

Шааргүл Сартбаеванын майрам күнү мындагы чатырда күн кечирип жаткандардын ден соолугуна кам көрүү менен өтүүдө. Шааргүл оор кесиптин түйшүгүн түшүнүп туруп тандап алганын айтат.Ал көчкүдөн улам көчүрүлгөндөрдүн абалын түн-күн дебей көзөмөлдөп,дарыгерлердин айтканын убагында аткарып турат. Коопту аймактан көчүрүлүп келип,учурда чатырда күн кечирип жаткан Сары-Бээ айылынын тургундары мындагы мед айымдарга ыраазы экенин айтышат.Мындагылардын тилеги тезирээк жер маселси чечилсе,ал жака турак үй тургузуп, бул жерден көчүп кетсек дешет. 

Бул күнү майрамага карбастан өз жумушун аткарып жаткан мээрбан айымдар толтура.Алардын бири Майлуу-Суу шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 40 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Сайракан Сагындыкова.Акушер айым кош бойлуу айымдардын ден соолугуна кам көрүп келет. Учурда Майлуу-Суу шаардык ооруканасында 215 кызматкер эмгектенет.Алардын 100 дөн ашуунун мээрбан айымдар түзөт.Ал эми бейтаптын тез сакайып кетиши мээрбан айымдардын мээримдүү мамилесинен жана тыкан аткарган жумушунан көз каранды.