Сегиз жаштагы Томирис Алымсеитова Астана калаасында өткөн “Ачык Казакстан” деп аталган эл аралык конкурс-фестивалда биринчи орунду ээледи. Сынакка Россия менен Казакстандан да жаш аткаруучулар келишкен. Томирис 67 талантуу балдардын ичинен мыкты ырчы деп таанылды.
Томирис эки жылдан бери вокал менен алектенип, "Таберик" музыкалык театрынан билим алып келет. Учурда жаш талант жеке мектепте экинчи класста окуйт. "Кызым жогорку профессионализми үчүн ардактуу сыйлыкка татыды»- деп жаш таланттын апасы кубанычтуу кабары менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, Кыргызстандык ырчы кыз атактуу Робертино Лореттинин "Жамайка" чыгармасын аткарган.