“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун колдоосу алдында, экстремизм менен радикализмге каршы күрөшүүдө аялдардын ролу тууралуу семинар - Жалал-Абад шаарында өттү.
Эки күндүк семинарда ар кандай диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү жана башка тийиштүү органдар катышты. Семинарда аялдарга терроризм, экстремизм жана радикализмдин айырмачылыгы тууралуу кеңири айтылды.
Демилгечилердин айтымында, иш-чаранын башкы максаты - аялдар арасында диний сабатсыздыкты жоюу болуп саналат. Анткени, соңку жылдары диндеги туура эмес агымдарга азгырылган аялдар арбыган. Ал эми семинарга Ош, Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 30дан ашуун аял катышты.
“Буга чейин Ысык-Көл облусунда өттү. Аялдарды окутуп жатканыбыздын себеби, аялдар арасында да экстремизм жана радикализмге берилип жаткандар көп болуп жатат. Ошондуктан биз бул жерге лидер аялдарды чогултуп, диний окуудан өткөрүп жатабыз. А бул жерден билгендерин башка жерде айтып туура жолго үндөйт деген ойдобуз”,- деди “Ыйман” фондунун өкүлү Муртаза Жолдошева.
“Бул семинар эбак башталыш керек болчу. Бул эки күндүк семинар аздык кылып жатат. Биз дагы сунуштап жататбыз. Ушундай семинарды байма-бай өткөрүү керек деп. Бул окуудан биз салттуу дин боюнча кеңири маалымат алдык”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлсара Каримова.