Сабырбек Жумабековдун операциясы Гиннестин рекорддор китебине кирүүдө
Новость

Академик, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабековдун өзгөчө операциясы Гиннестин рекорддор китебине кирүүдө. 

POST1RIGHT

Профессор 21 жаштагы мекендешибиз Темирбек Бекбоевдин оң бутун 31 см узарткан. Темирбектин оң буту тубаса кыска төрөлүп, сол бутунан 31 сантиметрге кыска болгон. Профессор Жумабеков аны 31 см узартуу үчүн 3 жылда 6 операция жасаган. Алгач анын саны 10 см узартылып, кийин тизесинен ылдый жагы 21 см узартылган. Эми Темирбек Бекбоев эки буту менен тең туруп, күз айларында балдагы жок басам деп турат. Мындай өзгөчө узартуу дүйнөдө алгач ирет жасалып жаткандыктан Гиннестин рекорддор китебине киргизилүүдө. Сабырбек Жумабеков мындан сырткары бойду өстүрүүчү операцияларды да жасап келет.

"Дүйнөдө 10 сантиметрге узартуу болгон, бирок 31 сантиметр эч ким узарта элек экен”, - дейт Медицина илимдеринин доктору, академик, профессор Сабырбек Жумабеков.