Кыргызстанда диний билим берген жогорку окуу жайлардагы окутуучулардын 92 пайызы, ал эми медреселерде сабак берген мугалимдердин 42 пайызы аттестацияга киргизилген жок. Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов билдирүүдө.
Кыргызстанда 1 миң 300 имам болсо, алардын 500гө жакыны алгачкы аттестациядан кулап калган. Буга алардын талапка жооп бергидей светтик билиминин жок болгондугу себеп болгон. Эми кезектеги аттестациядан 92 медресенин жана 10 диний жогорку окуу жайдын ректорлору менен мугалимдери өткөрүлөт. Сынак 24-февралда башталып, бир ай аралыгында алардын диний жана светтик билим деңгээли текшерилет.
“Кыргызстан светтик мамлекет болгон соң ар бир дин кызматкеринин бул багытта да тиешелүү билими болушу талап кылынат. Бирок, азырынча диний ЖОЖдордун 92%ынын, медреселердин 482 окутуучуларынын 42%ынын документтери аттестацияга кабыл алынган жок”,- дейт Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов.
Адистердин айтымында, дин тууралуу кеңири билими жок адамдар айрым террордук жана радикалдык топтордун азгыруусуна бат алданып, мыйзамга жана ислам дининин өзүнө каршы ар кандай аракеттерди жасоого барышат. Ал эми мындай билимсиздик менен радикалдык кадамдарды алдын алуунун бир гана жолу - ислам тууралуу туура билим берүү.
Диний окуу жайдын студенттерине билим берген окутуучуларда жетиштүү диний жана светтик билими болушу шарт. Ошондо гана ал студенттерге ислам тууралуу туура түшүнүк жана билим бере алат.
“Диний окуу жайларда билим алып жаткан жаштарга чыныгы исламды окутканда гана алардын ар кандай радикалдык жана экстремисттик жолдорго түшүп кетүүсүнүн алдын алабыз. Бизде теология колледжи ачылган. Биз балдарга баардык тараптар боюнча билим беребиз. Бизде азыр дин тармагы боюнча эксперттер жетишпейт. Аларды даярдап чыгышыбыз керек",- деп И. Арабаев атындагы КМУнин теология кафедрасынын башчысы Эрмек Бектуров белгиледи.
Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында атайын окуулар өтүп, тажрыйба алмашуу багытында иштер жүрүп жатат. Имамдардын билимин жогорулатуу боюнча курстар улантылууда. Ал эми Арабаев атындагы жогорку окуу жайда теология колледжи ачылып, анда студенттерге диний жана светтик билим берүү боюнча программалар окутулат. Бул окуу жайды аяктагандар дипломго ээ болуп, диний же башка тармактарда иштегенге мүмкүнчүлүк алат.