Мектеп окуучуларынын ууланышы бейбаштыктан келип чыккан
Новость

POST1RIGHT

Балыкчыдагы мектеп окуучуларынын ууланганынын себеби ачыкка чыкты. Иликтөөлөргө ылайык, 15 жаштагы окуучу апасынын өзүн коргоодо колдонулчу газын көтөрүп келип, 11-класстын окуучуларына көрсөткөн. 

Алар бейбаштык кылып мектептин коридоруна сээп жиберген. Натыйжада 17-апрелде Балыкчыдагы №3 Канат Абдылдаев атындагы мектептин коридорундагы жаман жыттан 14 окуучу ууланып, ооруканага жеткирилген болчу. 

Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзүүдө.