Апрель айынын башында аба ырайы кескин суук болоору күтүлүп жаткандыктан жылуулук азырынча өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев билдирди.
Анын айтымында кийинки айда аба ырайы туруктуу жылуу болгон учурда жылуулук берүү токтотулат. POST1RIGHT
Учурда Бишкек шаардык жылуулук берүү борборунда жетиштүү деңгээлдеги көмүрдүн кору бар жана ал кенен жетет. Ошол эле учурда быйыл Бишкек ТЭЦнин экинчи агрегаты сыноо иретинде ишке киргизилгени турат.
Буга чейин биринчи агрегат 6-мартта пайдаланууга берилип, сыналган. Жалпылап айтканда кыш катаал болгонуна карабай кыштан ийгиликтүү чыгууга мүмкүн болду. Көмүр менен көгүлтүр от сарамжалдуу пайдаланылып, жалпысынан 715 млн сом үнөмдөлдү.