28-мартка караган түнү Бишкек-Ош каттамына кар көчкү түшүп, жолдо бара жаткан "Тойота Пикап" унаасын басып калган. Кырсыктын кесепетинен улам машинанын ичинде бара жаткан 4 адамдын бардыгы каза болду.
Алар Транспорт министрлигинин Жол-тейлөө кызматынын жумушчусу экени белгилүү болду. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматынан билдиришти.POST1RIGHT
Мындан тышкары көчкү дагы бир "Лексус" үлгүсүндөгү унаага түшкөн. Тилекке жараша, ичиндеги үч жаран куткарылды, алар жабыр тарткан жок. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Булардан тышкары куткаруучулар ушул эле каттамдан түнкү экилер чамасында көчкүнүн алдында калган Субару Легаси унаасын табышкан, анын ичинде 1 аял, 2 эркек болгон. Аларга алгачкы жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Жалпысынан алты киши куткарылганы кабарланды. Азыр жолдогу кар көчкүнү 50дөн ашык кызматкер тазалап жатат.