КТРК Байкоочу кеңешине талапкерлерди көрсөтүү маселеси каралат
Новость

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 27-мартта боло турган кезектеги жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселе каралат. 

КТРКнын учурдагы Байкоочу кеңешинин курамы Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 18-апрелиндеги токтому менен бекитилген. Байкоочу кеңеш 15 мүчөдөн туруп, 5 жылга шайланат. Алгач президент, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлер комитетте каралып, кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылат.