Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 27-мартка белгиленди
Новость kyrtag.kg

Учурда   аймактарда   жергиликтүү   кеңешке   шайлоолорду  өткөрүүгө  даярдыктар  кызуу  жүрүп  жатат.  Саясий  партиялар  ортосундагы  курч  таймаш  Ош  шаардык  кеңешине  депутаттарды  шайлоодо  болот  дешет  талдоочулар.  Анткени  17  саясий  партия  катышуу  ниетин  билдирип,  алардын  ичинен  13  саясий  партия  каттоодон  өттү.

27-мартта Ош шаардык кеңешиндеги депутаттарды шайлоого катышуучу партиялардын тизмеси аныкталды. Шайлоого   катышуу  үчүн  алгач  17  саясий  партия  арыз  берген.  Бирок,  катталуу  мөөнөтү  аяктаганга  чейин   толук  документтери  менен  13  партия     катталды.   Алардын  арасында  мурда  коомчулукка  аты  жакшы  белгилүү  болуп  калгандары  да,   жаңы   уюшулугандары  да  бар.  

 Эске  салсак,   Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 27-мартка белгиленген. Калаадагы 116  миң  шайлоочу 73 шайлоо участкада добуш берет. Добуштардын 7% алган партия өттү деп саналат.