Өлкөгө энергетикалык заманбап жабдуулар алып келинди. Алардын жардамы менен Токтогул ГЭСиндеги иш процессине жумушчулардын аралашуусу азайып, гидроэлектростанция автоматтык түрдө башкарылат.
Кыргызстанда соңку жылдары энергетика тармагында ири долбоорлор ишке ашууда. Токтогул ГЭСин жаңылоо да негизги максаттардын бири. Швейцариялык компания өндүрүп, жаңы алынып келген жабдуулар гидроэлектростанциядагы ишти бир кыйла жеңилдетет.
Токтогул ГЭСи 1975-жылдан бери иштеп, жаңылоо жүргүзүлгөн эмес. Агрегаттын иштен чыгуусу да дал ушул жагдайга байланыштуу. Энергетика тармагынын жетекчилиги модернизациялоо иштерин үч этапка белгилеп, учурда анын алгачкысы аткарылууда. Биринчи фаза үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 40 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми жалпы жаңылоого 450 миллион доллар керектелет. Иш 2023-жылга чейин уланышы мүмкүн. Натыйжада ГЭСтин келечегин сактап гана калбастан, анын кубаттуулугун арттырууга да мүмкүнчүлүк бар.
Токтогул ГЭСи жаңылана турган объектилердин арасында жалгыз эмес. Энергетикалык башка обьектилер да көңүл бурууну талап кылат.
Токтогул ГЭСи үчүн алынган заманбап жабдуулар 10-апрелде колдонула баштайт. Ага чейин март айынын соңунда кубаттуу трансформаторлор да жеткирилет.