«Акыл ордо» оюнунда «Жети дубан таймашы» аттуу сынак жыйынтыкталды
Новость

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Кыргыз Респубикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Келечек+» гезити жана КТРК каналынын «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну менен биргеликте уюштурулган «Жети дубан таймашы» аттуу сынак болуп өттү. 

Сынакка жалпысынынан район, шаарлардан 9-класста окуп жаткан 36 окуучу катышты. Супер финалды Кочкор районунан келген Нурланова Курманжан  жеңип алып, “Келечек+” гезитинин атынан ноутбук белекке алды. 

Ал эми  экинчи орунга ээ болгон Жети-Өгүз районун окуучусу Төлөнов Автандилге, Кыргыз Респубикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев китеп белек кылды. Жана жалпы катышуучуларга «Ыраазычылык каттар» берилди.