Бул боюнча былтыр эл аралык уюмдардын жардамы менен атайын долбоор ишке ашырылып, өлкөнүн 16 районунда юристер акысыз иштешкен. Ага ылайык, кымбат юридикалык кызматка кайрыла албагандарга укуктук жардам берилип, соттук иштер дагы каралган. Ал эми эксперттердин баамында, өлкөдө өзгөчө ажырашкан аялдар өз укуктарын билбегендиктен экономикалык жактан алсыз, чөнтөгү жука социалдык катмардын катарын толуктоодо.
Ошентип, Кыргызстанда калктын аярлуу тобу акысыз юридикалык жардам алып, бул багытта сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана укук үстөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчөтүү долбоору иштеди. Жалпысынан долбоор башталгандан бери Ат-Башы районунда эле 300дөн ашуун жаранга акысыз юридикалык кеңеш берилип, 20га чукул иш кайрылгандардын пайдасына чечилген.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"