Ал эми Таласта буурчак фестивалы өттү. Жергиликтүү брендге айланган төө буурчактын баасы быйыл кыйла жогору болуп, килограммы сексен сомдон ашты. Таластагы буурчак майрамы өзгөчө маанайда белгиленди. Саамалыкка облустун баш этегинен эле эмес, чет өлкөдөн да коноктор келди. Алар үчүн Талас жергесине буурчак өсүмдүгү кантип келип калганы жөнүндө сахналаштырылган оюн көрсөтүлдү. Төө буурчактын Талас аймагында кенен жайлышына салым кошкондорго, инвесторлорго жана быйылкы жылы эң жогору түшүм алган дыйкандарга да түрдүү сыйлыктар берилди. Мол түшүм жыйнагандардын алды быйыл 50 тоннага чейин буурчак алышкан.
Уюштуруучулардын айтымында буурчак майрамынын эки чоң максаты бар. Биринчиси демилге көтөрүп, кантип өнүгүп, алдыга дагы кантип жыла алабыз деген маселени талкуулоо. Буурчак баасынын көтөрүлүшү менен быйыл Таластыктардын маанайы да жакшы. Облуста буурчак класстердик өнүгүүгө жетти. Буурчак өстүрүү дыйкандарга эле эмес өлкөнүн экономикасынын өнүнүгүшүндө да орчундуу орду бар. Белгилей кетсек быйыл төө буурчак дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнө 50 мин тоннадай экспорттолгон. Бирок такталбаган маалыматтар боюнча 90 мин тоннага чейин да экспорттолгон болушу мумкун деп айтылууда.
Буурчак майрамынын жүрүшүндө жарманке уюштурулду. Анда чанактуулардан жасалган салаттардын жана тамак-аштын түрлөрү коюлду. Майрамга келгендер коюлган дүйүм тамактардан даам сызып, жасалыш рецептери менен да таанышты. Уюштуруучулардын айтымында куз айларында жылына бир жолу буурчак фестивалын өтөрүүнү макулдашты. Мындай майрамдар эми туристтерди кызыктыруу максатында да уюштурулат.