Фармацевтикалык тармактын өнүгүшү - Кыргызстандын экономикалык жана социалдык абалы үчүн абдан маанилүү. Себеби, бул тармак ишкерлер үчүн абдан кирешелүү булактардын бири деп эсептелет. Бирок, Кыргызстанда дарылардын баасын жана сапатын көзөмөлдөй турган бир да мыйзам долбоору жок. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 3 мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке жиберди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга дары-дармек Орусия, Кытай, Индия жана Европа өлкөлөрүнөн келет. Анын ичинде Европадан келген дарынын сапаты жакшы болуп, баасы да кымбат турат. Бирок, Кыргызстанда дарылардын баасын жана сапатын көзөмөлдөөчү бир да мыйзам жок. Мындан улам, дары секторунда башаламан күч. Бир эле дары түрдүү аймакта түрдүү баада сатылат.
Адистер билдиргендей, азыр жасалма дарылардын саны көп. Мисалы, жайма базарларда сатылган же кыдырып жүрүп саткан сатуучулардын колундагы дарылардын сапатына эч ким кепилдик бере албайт, жоопкерчилик да албайт.
Дарылардын аталыштары, түрлөрү абдан көп. Бир эле ооруга ондон ашык препарат жардам берерин дарыканачылар баарыбызга эле сунуштап калган. Бирок, баасы баш катырат. Абалды жөнгө салууну Саламаттыкты сактоо министрлиги колго алып, бааны жана сапатты тизгиндөөчү үч мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.
Мыйзам долбоору ишке кирсе Кыргызстанга кирген дары-дармектердин баасы эле эмес, сапаты да мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп, баа коюудагы башаламандыкка чек коюлат. Азыр өлкөнүн дарыканаларындагы дары-дармектин 97 пайызы четтен импорттолот жана бул тармак абдан кирешелүү деп эсептелет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери билдиргендей, республика аймагында дарыларга 2ден 16 эсеге чейин үстөк баа кошуп саткан учурлар катталган. Ал эми Кыргызстанда бир да мамлекеттик дарыкана же дары-дармек базасы жок. Бул сыяктуу чечүүгө муктаж болгон көйгөйлөр Жогорку Кеңеште каралып жаткан мыйзам долбоорлорунда камтылган.