Бишкек жылуулук борборун жаңылоо иштери аяктоодо
Новость

POST1RIGHT Бишкек жылуулук борборун жаңылоо иштери аяктап калды. Жаңы тургузулган трубина ишке киргизилип, 150 мегаватт кубаттуулуктагы агрегаттан электр энергия өндүрүлүп шаар тургундарына жылуулук таратылууда. 

Биринчи агрегат сыноодон өтүп, текшерилгенден кийин экинчи агрегат сыноодон өтөт. Ошондой эле, көмүр жакчу от казандар дагы ишке киргизилди. Учурда кытайлык адистер кыргыз кесиптештерине жылуулук борборундагы бардык тутуму туташтырылган башкаруу пультунда иш алып барууну үйрөтүүдө. Агрегаттардын ар бири 3 күндөн текшерилип 100 пайыз даярдыкта экени такталып туруп токтотулат.

Жылуулук борборун жаңылоо туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясынын негизинде жасалууда. Кытай бөлгөн 386 миллион долларга башталган модернизация жай айларында аякташы күтүлүүдө.

"Азыр Бишкек менен Чүй облусундагы айрым участоктор жаңы агрегаттан чыккан жулуулукту колдонуп жатат. Биринчиси бүтсө экинчисин текшеребиз. Бул боюнча иштер 80-90 пайыз аяктап калды",- деп билдирди Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев.