Зомбулукка учураган аялдардын саны жыл санап кѳбѳйүүдѳ
Новость

Ысык-Кѳл облусунда зордук-зомбулукка учураган аялдардын саны жыл санап кѳбѳйүүдѳ. Ѳткѳн жылы Каракол шаардык мэрияга турмуш шартынан жабыркаган  10 аял кайрылса, ѳкмѳттүк эмес уюмдарга жылына 300 дѳн ашуун кыз келиндер каттоого алынып келет. 

Бүгүнкү күндѳ жапа чеккен жарандарды психологиялык жана юридикалык жардам берүү максатында облуска биринчи жолу реабилитациялык борбор ачылды. 

Айсулуу Бакыт кызы, "Биринчи радио"