Адам өмүрүнө арача кесип
Новость

Бишкек шаарындагы калкты медициналык тез жардам менен камсыздоо үчүн 100дөн ашык бригада керек. Ал эми ушул тапта 38 гана бригада иштеп жатат. Алар аз экенине карабай күн-түн дебей нөөмөттө туруп, адамдын өмүрү үчүн тынымсыз күрөшүп келет. 

Зайнаб Байимбетова бул тармакта иштегенине 5 жыл болду. Кесиби боюнча реаниматолог. Дал ушул дарыгер Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков унаа кырсыгына кабылганда алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Ал түнү чакан бойлуу Зайнаб талкаланган унаанын ичине кирип, кансырап жаткан адамды ажалдын оозунан сууруп алган.

“Алыстан көргөндө эле унаанын ичиндеги адамдын абалы оор экенин билдим. Унаа талкаланып калыптыр. Жаран машинага кыпчылып, аябай кансырап калгандыктан секунд дагы маанилүү болду. Милиционерлер менен куткаруучулар былчыйып калган машинанын ичине кирүүгө жардам беришти. Мен кан куюп, жоготкон канын толуктадык. Бул биздин күнүмдүк жасап жүргөн жумушубуз. Эч кандай эрдик кылган деле жокпуз”,- дейт дарыгер - реаниматолог Зайнаб Байимбетова 

Тез жардам кызматында иштөө чынында эрдик. Тынчы жок жумуш. Күн-түн дебей, ысык-суукта адам өмүрүнө арачы түшүп, барынан кымбат болгон өмүрдү сактайбыз деп чапкылап жүрүшөт. Бирок, алардын эмгегин баалабай койгон адамдар да учурайт.

“Жол беришпейт, атайын тосуп алышат. Кыйын эле”,- деди тез жардам унаасынын айдоочусу Бейшеналы Бейшеналиев. 
38 - бригаданын ичине медицинанын баардык кызматтары камтылган. Анын арасында 4 реанимация бригадасы бар.
Заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган унаадан Бишкекте төртөө бар. Бул унаалар адам өмүрүн сактап калууда чоң роль ойнойт. Ичинде дары-дармек толуп, баардык кызмат кылууга шарт каралган. Айта кетсек, Тез жардам кызматында 60 орун бош турат. Бишкекти толук камтыш үчүн бригадалар жетишпейт.
“Күнүнө 600-700 чакыруу келип түшөт. Алардын болжол менен 150нө барбайбыз, кеңеш берилет. Баарына жибере албайбыз, кечигип барып атабыз”,- деп билдирди Бишкек шаарындагы тез жардам бекетинин башкы дарыгеринин орун басары Болотбек Абдылдаев.
Нечендеген адам өмүрүн сактап калган адистер ушул сааттарда да иш үстүндө. Алар күнү - түнү күзөттө туруп иш алып барат.