Изденүү бар, адис гана жетишпейт
Новость

Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акыркы үлгүдөгүлөр менен катар эле эскирсе да сыны кетпеген эске жабдуулар азыркыга чейин элге кызмат кылууда. Сырын Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Жумгалбек Назаркулов гана жакшы билген рентген аппараты бул жерге мындан 60 жыл мурун орнотулган. Ошондон бери майда-чүйдө бузуктарын эске албаганда, тынымсыз иштөөдө. Чынында эле теңир-тоолуктар да ушул рентген аппаратына көнүп бүтүшкөн. Ушундан уламбы, качан барба кезек күткөндөр арбын. Алардын айтымында, жабдуу эски болгону менен ишенимдүү. Бирок аны жаңыга алмаштырса куп жарашмак дешет.

Анткен менен, аталган саламаттык сактоо мекемеси акыркы беш жыл ичинде заманбап жабдуулар менен толукталганды. Айрыкча, УЗИ аппаратынын алынып келгени - нарындык бейтаптарды ашыкча убаракерчиликтен арылтты. Ал эми жакын арада жалпы наркы жети миллион сомдук медициналык жабдыктар ишке берилери күтүлүүдө. Мындай шартта тоо арасындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору сапаты жагынан баш калаадагы тейлөөдөн эч айырмаланбай калат. Тилекке каршы, алардын арасында томография гана жетишпей жатат.

Мына ушундай кемтиктин ордун толтуруу максатында учурда ар кандай эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Айрымдары жардам берүүгө кол сунганы менен кээ бири жалпы кызыкчылыктагы иш үчүн сөзсүз түрдө жогорку квалификациялуу дарыгерлер болушу керек деген талапты коюуда. Ал эми теңир-тоодо андайлардан бирин-экин гана.