Республиканын 10 мектебинде “Дин маданиятынын тарыхы” сабагы пилоттук долбоор катары биринчи жарым жылдыкта окутулду. Киргизилген пилоттук долбоор 9-классттын тарых сабагынын окуу программасына кошумча курс катары камтылган.
Азырынча бул пилоттук долбоор катары окутулган болсо, келечекте башка мектептерге жайылтуу багыттын көздөйт. Ал эми бул сабакты окутууну планга киргизүү максаты, радикализмди, экстремизимди алдына алууга багытталды дешет адистер.
Бегайым Абдыкадырова “Биринчи радио”