8-9-февраль күндөрү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат унаа жолу, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы сакталышы зарыл экенин эскертет.