Адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде?
Новость

Өткөн жумада  жол кырсыгынан  1 мектеп окуучусу, 2 студент каза болду. POST1RIGHT

Соңку күндөрдө адам өмүрүн алган жол кырсыктары кайра-кайра кайталанышынын себеби эмнеде? Жол эрежелерин сактабаган айдоочуларбы, айдоочулук күбөлүктүн жеңил жол менен алынышыбы же  жол кырсыктарына себепкерлердин жоопкерчилигинин жеңил болуп жатышыбы?  

Жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып пулду дагы жогорулатуу жана жоопкерчиликти күчөтүү маселени чечүүгө жардам береби? Ушул суроолорго Биринчи Радионун  “Күндүн темасы” жооп издеди.   

Уктурууга юридика илимдеринин кандидаты, МАИнын мурдагы жетекчиси Борбиев Болот Ибраимович жана КР ИИМнин жол көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги  Муктар Сандыбаев катышты.