Кар көчкүнүн кесепетинен чек ара кызматкери каза болду
Новость KTRK/videograp

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 104-чакырымындагы Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек-Чаты аймагында 4-февралга караган түнү кар көчкү түшүп, чек ара кызматынын “УАЗ” үлгүсүндөгү унаасын басып калды. 

Унаанын жанында 4 чек ара кызматкери болгон. Кар көчкүнүн кесепетинен унаанын айдоочусу машинага жакын турган 1992-жылы туулган адам каза болду. 

Аны менен бирге жүргөн 3 чек ара кызматкери кар көчкүдөн качып, сактанып калган. Ал эми каза болуп калган чек ара кызматкеринин сөөгү эртең менен саат 7:00 табылып, чек ара кызматкерлерине өткөрүлдү.