Жаңы Москва районунда болгон унаа кырсыгында Өзбекстандын 3 жараны жана Тажикстандык бир адам набыт кетти. Кырсыктан көз жумган дагы 5 адамдын өздүгү такталууда.
Окуядан буга кошумча Орусиялык бир адам, Өзбекстандын 2 жараны жана 1994-жылы туулган бир кыргызстандык жабыркаган. Кырсык Варшава шоссесинен Коротыгино айылына бурулган жолдо болгон. "УАЗ" үлгүсүндөгү унаа менен Тойота кагылышып, жыйынытыгында УАЗ өрттөнүп, ичинде бир топ адам калып калган.
Маалыматтар боюнча кырсыктан 9 адам набыт болуп, 3 адам жаракат алган.