Өнүгүү жолундагы электр тармагы
Новость KTRK/videograp

Учурда электр чордондору жигердүү иштеп жатат. Мисалы: “Кемин электр" чордону кышында элге үзгүлтүксүз электр жарыгын камсыз кылып беришти. Мындай маалыматты ишкана журналисттер үчүн өткөргөн ачык эшик иш-чарасында белгилешти.

Өлкөгө үзгүлтүксүз электр жарыгын берүү ишкананын биринчи максаты. Ал үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап жабдыктар менен камсыз болушкан.
Белгилей кетсек кубаттуулугу 500 киловаттык “Кемин” көмөк чордону Чүй облусунун чыгышында жайгашкан ири камсыздандыруучу борбор. Анткени ал жерде маанилүү магистралдык 220 киловатт чубалгы Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары жана Казакстандын энергетикалык тутумдары менен байланышта болуп, электр энергия менен камсыздайт.

Кооптуу жерде иштеген жумушчулар, дегеле ишкана өлкө үчүн кандай иштерди аткарат? Булар тууралуу маалыматты журналисттер ачык эшик астында таанышып чыгышты.
Жогорку чыңалуудагы чубалгылар Кытай инвестициясына орнотулган. Учурда жабдуулар жакшы натыйжа берип жатат. Бирок ал арада туташтыруучу тетиктерге зыянын тийгизчү маселе жаралды. Тактап айтканда электр чордонунан анча алыс эмес жерде цемент чыгаруучу ишкана курулуп жатат.