"Диний сабаттуулук жоюлбаган жерде өлкө бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралат. Андыктан бул багытта карапайым калкка кеңири түшүндүрмө берүү зарыл".
Мындай пикирлер Ош шаарындагы «Кыргызстандагы дин таануу жана диний билим берүүнү реформалоо Концепсиясынын долбоору жөнүндөгү» иш-чарада айтылды.
Белгилүү болгондой дин тармагында билим берүү концепциясы иштелип бүтүп, өкмөткө сунушталды. Концепсия- диний окуу жайларга светтик предметтерди, ал эми жалпы билим берүү жайларына дин таануу сабагын киргизүүгө багытталган.
Азыркы тапта, республика боюнча пилоттук негизде 11 орто мектепте «диндер маданиятынын тарыхы» аталышында сабак жүрүүдө. Талдоочулардын айтымында, аталган концепция жакынкы 3 жылдан тартып өз жемишин бере баштайт.