Белгилүү кыргызстандык вайнер Mc_Doncha Орусиянын Биринчи каналындагы «Пусть говорят» телеберүүсүнө катышты. Mc_Doncha деген ат менен таанымал Данияр Токтомамбетовду ток-шоуго интернетте популярдуу болгон «Слезы тикли вверх» аттуу видео ролигинен кийин чакырышкан.
Андрей Малахов алып барган телеберүүдө Данияр Токтомамбетов белгилүү орус шоу-бизнесинин жылдыздары Александр Ревва, Тимати жана Анна Семенович менен бирге конок болду.