Өлкөдөгү ири долбоордун бири болгон Бишкек жылуулук борборунда жаңылоо иштеринин акыркы жумуштары жасалып жатат. Жумуш үзгүлтүккө учурабай болжолдонгон убакыттан дагы ыкчам жүрүүдө. POST1RIGHT
Жаңылоо жумуштарын толугу менен кытайлык компания мойнуна алган. Модернизациялоо иштери 2014-жылы башталып 3 этапка бөлүнгөн болчу. Андан бери заманбап жылытуучу борбордун орду даярдалып, эски жабдуулар бузулуп, ордуна жаңысы тургузулган. Буу казандар менен трубиналар жайгашкан имарат салынган. Учурда туташтыруу жана куроо жумуштары жасалууда.
Жаңыртылган ТЭЦтеги жабдыктар Кытайлык өндүрүштөн чыккан. Кытайлык адистер тажрыйбасынан бөлүшүп, кыргыз кесиптештерине жаңы жабдуулардын иштөө жолдорун үйрөтүп жатышат.
Коюлуп жаткан жаңы трубо агрегаттар жана буу казандар жергиликтүү көмүргө ылайыкталган. Жылына 900 миң тонна өлкөдө өндүрүлгөн жана 300-400 тонна казак көмүрүн жагуу пландалууда. Андан тышкары борбордун кубаттуулугу 300 мегаваттка көбөйтүлөт.
Жылуулук борборунда, Кытай бөлгөн насыянын негизинде жалпы суммасы 386 миллион долларга модернизация иштери жүрүп жатат. Ушул жылы ТЕЦ жабдуулары жаңыланып ишке берилет.
Бишкек жылуулук борбору кубаттуулугу жогорулап ишке кирген соң, абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы дагы азаят дешет адистер.