Маданияттын мыкты кызматкери, “Алтын үн” сынагынын жеңүүчүсү (2011-жыл), эл аралык сынактардын лауреаты жана ошондой эле тамашалуу ырларды катыра аткарган, боорду эзген клиптери менен жүзүбүзгө күлкү жараткан ырчы Курал Чокоев биздин бүгүнкү кечтин коногу.
Урматтуу угармандар “Түнкү Life” программасына катышып, көңүл ачып, белектерге ээ болуңуздар!