Жылдыздар кечинде жаркырап жанып, нурун чачат. Ал эми “Миң-Кыял ФМ” радиосунун толкунунда иш күндөрү саат 23:00дө Kыргыз маданиятына өз салымын кошкон атактуулар келип, сонун маанайын, жылуу сөздөрүн жана жагымдуу белектерин тартуулашат.
“Түнкү Life” программасынын алкагында биз менен дүйнө тилдеринде сүйлөп, белгилүү кино актерлорду , ырчы инсандарды үнүнөн таанып, биз каткан коноктун анкетасын туура далилдеп жана ошондой эле күлкүлүү тапшырмаларды (ага чейинки келген коноктун тапшырмасын) аткарганына күбө болуңуздар.
Бул аптанын алгачкы коногу болуп кечээ, 23-январь күнү торгойуна суктанган талантуу ырчы мырза Нурмат Садыров болду.