Актер Азиз Мурадиллаевдин саламаттыгы жакшырууда
Новость KTRK/videograp

Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок. Мындай жагымдуу кабары менен актер маалымат жыйында журналисттер менен бөлүштү.POST1RIGHT 

 Анын алгачкы операциясы Москвада жасалып, Бишкекте дарылануусун уланткан эле. 

Жакында эле, актер Түркияда дарыланган соң, андагы дарыгерлер боордун калыбына келип жатканын жана аны алмаштыруунун кажети жок экендигин билдиришкен. 

Азиз Мурадиллаев жардам колун сунган мекендештерге ыраазычылыгын айтып, боорду алмаштырууга чогулган каражат дарыланууга муктаждарга берилээрин билдирди.