Учак кырсыгы болгон жердеги абал
Новость KTRK/videograp

Авиакырсык болгон жерди күч түзүмдөрү дагы эле кайтарууга алууда. POST1RIGHT

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча,  Дача конушун урандылардан тазалоо иштери жүрүп жатат. 

200дөн ашык куткаруучу иштөөдө. Муну менен катар окуя болгон жерде кырсыктын себебин иликтеген комиссия жана байкоочулар иш алып барууда. 

Ошондой эле кырсыкка байланыштуу түзүлгөн өкмөттүк комиссия менен штаб дагы окуя болгон жерде тийиштүү жумуштарды жасап жатат, -деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.