Учак кырсыгынан жабыркап ооруканага түшкөндөрдүн абалы туруктуу. Дарыгерлердин айтуусунда, айрымдары ушул жуманын аягында бейтапканадан чыга башташат. Ал эми үй жайынан ажырагандар мейманканадан убактылуу башпаанек менен камсыз болушту. Жабыркагандардын абалынан кабарчыбыз кабар алып келди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак азыр Бишкектеги ооруканаларда 12 жабырлануучу дарыланууда. Дагы эки оспурум Кочкордогу аймактык бейтапканада жатат. Борбордогу №4 ооруканада эки адам түшүп, анын бироосу жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. Улуттук госпиталда бир оорулуу, шаардык гинекологияда кош бойлуу аял жатат.
Сегиз оорулуу шаардагы тез жардам балдар ооруканасынын нейрохирургия жана травматология болумдорундо дарыланышууда. Дарыгерлердин айтымында учурда баарынын абалы жакшы. Алгачкы жабырлануучулар жуманын аягында бейтапканадан чыга башташат. Керектуу дары-дармек менен камсыз болушуп, психологдордун кеп-кенешин алышууда.
Турак-жайларын бир заматта учак тыптыйпыл кылып, кыштын чилдесинде үй-жайсыз калгандар кочодо калган жок. Мамлекет андай жыйырма кишини Бишкектеги “Семетей” мейманканасына жайгаштырды. Алардын он бири балдар. Мындагылар жайлуу болмолорго жайгаштырылып, уч маал ысык тамак жана башка керектуу каражаттар менен камсыз болушууда.